# КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 294
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4271/edition/347230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (06.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203228

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 6-ноябры № 294 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203228/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

1. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу: берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда - күнүгө, ал эми күнү-түнү берүүсүндө - жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.".

2. 21-статьянын 1-пунктундагы "бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандары" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдашат жана" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203228/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
