# 22-статья. Фонддун Директорлор кеңеши

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203226)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 292 ""Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2011 года № 173 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4269/edition/385420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203226/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 22-статья (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22

---

1. Директорлор кеңеши Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу, аны башкаруунун коллегиялык байкоочу органы болуп эсептелет.

2. Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун уставы менен аныкталат.

3. Фонддун Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:

1) акционер тарабынан бекитилген багыттардын, принциптердин, артыкчылыктардын жана анын ишинин параметрлеринин негизинде Фонддун инвестициялык жана ишкердик стратегияларын, пландарын жана саясатын түзүү, бекитүү жана маалы менен жаңыртып туруу;

2) Фонддун операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдерин аныктоо, ушул тобокелдер үчүн чектик деңгээлди белгилөө, ошондой эле аны башкарууну уюштуруу;

3) Фонддун аткаруу органдарынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

4) Фондду ички контролдоонун адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо;

5) Фонддун ишинин жана анын банк-катышуучулар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен өз ара аракеттеринин регламентин жана эрежесин бекитүү;

6) акционердин компетенциясына кирген Фонддун ишинин маселелери боюнча долбоорлорду, сунуштарды, экспертизаны, башка материалдарды жана документтерди даярдоо.

4. Фонддун Директорлор кеңешинин сандык курамы анын мүчөлөрүнүн жалпы саны так эмес болушу керектиги шарты менен анын акционеринин чечими боюнча аныкталат.

5. Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасы кызматы боюнча Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Кыргыз Республикасынын борбордук Агенттигинин директору же анын орун басары болуп эсептелет.

Фонддун Директорлор кеңешине кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кирет. Фонддун Башкармасынын төрагасы кызматы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Фонддун Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга көз карандысыз адамдар тарабынан анын үчтөн биринен кем эмес курамы көрсөтүлүүгө тийиш болгон шартта акционер тарабынан дайындалат.

6. Директорлор кеңешинин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-21)  
Кийинки берене: [22-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22-1)
