# 22-2-статья. Фонддун контролдоо органдары

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203226)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 292 ""Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2011 года № 173 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4269/edition/385420/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 22-2-статья (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22-2

---

1. Фонд Фонддун ишинин максаттарына жетүүгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон материалдык, инвестициялык жана финансылык коркунучтарды туруктуу негизде аныктоого жана баалоого мүмкүндүк берүүчү ички контролдоо жана тобокелди башкаруу системасына ээ болууга тийиш. Мындай баалоо бардык тобокелдерди, анын ичинде кредиттик жана инвестициялык тобокелди, валюталык тобокелди, топтоо тобокелин, ликвиддүүлүк тобокелин, операциялык тобокелди, юридикалык тобокелди, репутациялык тобокелди, саясий тобокелди жана башкаларды камтышы керек.

Фонд ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү системасына ээ болушу керек. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылыштарынын чөйрөсү аныкталууга, минималдаштырылууга жана көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө алынышы керек. Фонддун тобокелдерин оперативдүү көз карандысыз контролдоо үчүн Директорлор кеңеши тобокел-менеджерди дайындайт, ал Фонддун тобокелдерин башкаруу боюнча анын саясатын ишке ашырууга жооптуу болот. Тобокел-менеджер Фонддун Директорлор кеңешине отчет берет.

2. Фонддо ички аудитор жүргүзүүчү ички аудит жүзөгө ашырылууга тийиш, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле Фонддун аткаруучу кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттердин бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык аткарылышынын сапатын, мыйзамдардын сакталышын жана эсептин тууралыгын текшерүү жана баалоо жана Фонддун саясатына ылайык башка маселелер кирет.

Фонддун ички аудитору дайындалат жана Директорлор кеңешине отчет берет. Аудит жүргүзүү тартиби жана ага талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Директорлор кеңеши тарабынан жана Фонддун уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [22-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22-1)  
Кийинки берене: [22-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22-3)
