22-1-статья. Фонддун башкармасы
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Башкарма Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу, анын коллегиялык аткаруучу органы болуп эсептелет.
2. Башкарманын курамына Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча Директорлор кеңеши дайындоочу Фонддун башкы директору, аткаруучу директору жана финансылык директору кирет.
Фонддун Башкармасынын мүчөлүгүнө жакшы бедели бар жана өздөрүн кесиптик жактан көрсөтүшкөн, инвестициялоо, экономика жана башкаруу жаатында жетиштүү тажрыйбасы бар адамдар дайындалат. Башкарманын мүчөлөрүн Директорлор кеңешинин төрагасынын демилгеси боюнча Директорлор кеңеши ээлеген кызматынан бошотот.
3. Башкы директор Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп эсептелет жана анын ишине жетекчилик кылат.
Башкарманын төрагасына Фонддун ишинин маселелери боюнча оперативдүү жана аткаруучу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Фонддун атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Фонддун уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды колдонууга ыйгарым укуктар берилет.
4. Башкарманын регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203226/st-22-1" title="22-1-статья - "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>