# 21-статья. Фонддун акционери

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203226)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 292 ""Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2011 года № 173 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4269/edition/385420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203226/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 21-статья (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-21

---

1. Фондду башкаруунун жогорку органы болуп анын акционери эсептелет, ал ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясынын алкагында Фонддун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.

2. Фонддун акционеринин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:

1) Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын, артыкчылыктарын жана параметрлерин бекитүү;

2) Фонддун кредиттик жана инвестициялык саясатын ишке ашыруу максаты үчүн экономикалык стратегиялык жана артыкчылыктуу тармактарынын тизмегин аныктоо;

3) улуттук долбоорлорду Фонддун каржылоосу үчүн өткөрүп берүү. Мындай каржылоонун кредиттик жана инвестициялык тобокелдерин баалоо Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат;

4) мамлекеттин атынан Фонд мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө кирүү. Мындай өнөктөштүктө Фонддун катышуусунун тобокелин баалоо Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Фонддун акционеринин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору анын уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203226/st-22)
