2-8-статья. Электрондук документтин юридикалык күчү
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
1. Машиналык сактагычтагы электрондук документ кагаз бетиндеги документке теңештирилет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары документтин жазуу жүзүндө таризделишин талап кылса, анда электрондук документ ушул талаптарга ылайыктуу деп эсептелет.
3. Электрондук документтердин түп нускалары жана алардын кагаз бетиндеги көчүрмөлөрү ушул Мыйзамдын 2-7-статьясынын талаптарына ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ.
4. Эгерде электрондук документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүү жана (же) мамлекеттик каттоо талап кылынса, мындай күбөлөндүрүүгө жана (же) мамлекеттик каттоодон өтүүгө электрондук документтин өзү, ошондой эле анын кагаз бетиндеги көчүрмөсү тийиштүү болот.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203225/st-2-8" title="2-8-статья - Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>