# 2-6-статья. Электрондук документтин түп нускасы

- Документ: [Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203225)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы № 290 "Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4268/edition/1232187/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 2-6-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-6

---

1. Электрондук документтин түп нускасы машиналык сактагычта гана болот. Электрондук колтамга коюлган, машиналык сактагычта жазылган бири экинчисине окшош болгон электрондук документтин баардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.

2. Мазмуну боюнча окшош документтер кагаз бетинде жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлгөн учурда, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.

3. Электрондук документ төмөнкүлөрдүн түп нускасы катары колдонула албайт:

1) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн;

2) мурас кагаздын;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана түп нускада түзүлө турган документтин, буга аталган электрондук документтердин түп нускаларын борбордук сактоо жайдын болушу каралган учурлар кирбейт;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [2-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-5)  
Кийинки берене: [2-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-7)
