2-6-статья. Электрондук документтин түп нускасы
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
1. Электрондук документтин түп нускасы машиналык сактагычта гана болот. Электрондук колтамга коюлган, машиналык сактагычта жазылган бири экинчисине окшош болгон электрондук документтин баардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Мазмуну боюнча окшош документтер кагаз бетинде жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлгөн учурда, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.
3. Электрондук документ төмөнкүлөрдүн түп нускасы катары колдонула албайт:
1) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн;
2) мурас кагаздын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана түп нускада түзүлө турган документтин, буга аталган электрондук документтердин түп нускаларын борбордук сактоо жайдын болушу каралган учурлар кирбейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203225/st-2-6" title="2-6-статья - Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>