# 2-12-статья. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер

- Документ: [Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203225)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы № 290 "Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4268/edition/1232187/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 2-12-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-12

---

1. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле банктар жана финансы-кредиттик мекемелер эсептелет.

2. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө субъекттердин ортосундагы мамилелер макулдашуулардын негизинде түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында банк аралык системаларда банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин электрондук документтерди пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.".

6. 5-статьянын 2-пунктундагы "эларалык макулдашууларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эларалык келишимдери", "эларалык келишими" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

"Электрондук документ өзүнүн маанилүүлүгү боюнча жазуу жүзүндөгү далилдерге бирдей болгон далил болуп таанылат. Сот системасында электрондук документтерди далил катары колдонуунун тартиби процесстик мыйзамдар менен жөнгө салынат.".

9. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Электрондук документтерди айландыруу жана электрондук цифралык колтамгаларды колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери - юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алектенген иштеринин мүнөзүнө жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документтерди айландыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар кардарларга кызматтарды көрсөтпөгөндүгү же ал кызматтардын тийиштүү эмес сапаты үчүн, ошондой эле ушуну менен келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.

3. Электрондук документтерде жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматка өзүнүн кызматтык милдеттери боюнча жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар аны мыйзамсыз жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4. Башка адамдын ЭЦКсын мыйзамсыз колдонуучу адамдар, анын ичинде жабык ачкычты мыйзамсыз алуу жана (же) тийиштүү ыйгарым укугусуз башка адамдын ЭЦКсын коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

5. ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсинин күнөөсү боюнча ЭЦКнын жабык ачкычына мыйзамсыз кирүүдөн улам ЭЦКнын ачык ачкычынын пайдалануучусуна зыян келтирилген учурда күнөөлүү адам зыяндын ордун толтурушу керек.".

---

Мурунку берене: [2-11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2-11)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203225/st-2)
