1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
"Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 499-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө".
2. 1-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- электрондук документтерди колдонуунун укуктук негиздерин белгилөө;
- электрондук документтерге коюлуучу негизги талаптарды аныктоо;
- электрондук билдирүүлөр менен алмашуу процессинде электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, алар сакталганда электрондук цифралык колтамга өз колу менен коюлган колтамга катары таанылат;
- электрондук цифралык колтамгаларды күбөлөндүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу;
- электрондук документтерди жүргүзүү чөйрөсүндө пайда болуучу укук мамилелерине катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөө.";
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары бири-бирине маалыматтарды электрондук алмашуу аркылуу акысыз берип турушат.";
3-пункттагы "эларалык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"машиналык сактагыч - маалыматтарды техникалык каражаттардын жардамы менен жазуу жана сактоо үчүн колдонулуучу материалдык сактагычтар; электрондук документтерди жүргүзүү - маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, берүү, алуу, сактоо, өзгөртүү, жок кылуу процесстеринин жыйындысы; маалыматтык система - электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси.".
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-статьялар менен толукталсын:
"2-1-статья. Электрондук документти айландыруу чөйрөсү
1. Электрондук документ маалыматтарды түзүү, иштеп чыгаруу, жөнөтүү, алуу жана сактоо үчүн зарыл болгон программалык жана техникалык каражаттар колдонулган иштин бардык чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдаланышы мүмкүн. Электрондук документтердин жардамы менен бүтүмдөр түзүлүшү, финансылык эсептөөлөр жүргүзүлүшү, кат алышуулар жүзөгө ашырылышы жана документтер жана башка маалыматтар берилиши мүмкүн.
2. Электрондук документтердин колдонулушун чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда белгилениши мүмкүн.
3. Электрондук документтер байланыштын бардык каражаттарынын, эгерде бул анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбесе, маалыматтык системалардын жана түйүндөрдүн жардамы менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электрондук цифралык колтамга тууралуЗакон · 17.07.2004 · № 92 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203225/st-1" title="1-берене - Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>