# КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4261/edition/346565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (15.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-октябры № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203218/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203218/st-36)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "36-берене. Депутаттын өргүүсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылы акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына төмөндөгүлөр берилет:

1) кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө, бала асырап алгандыгына байланыштуу өргүү;

2) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

3) окуу өргүүсү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203218/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
