# КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 276 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 276 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 276
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4260/edition/394386/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 276 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203217

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-октябры № 276 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203217/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 52-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ооруп калгандыгынан, иш сапарында же Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткарып жүргөндүгүнөн улам" деген сөздөр алып салынсын.

2. 229-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Демейдеги жагдайларда депутаттын катышпагандыгынын жүйөлүү себептери төмөнкүлөр болуп саналат:

- убактылуу ишке жарамсыздык;

- кош бойлуулугу жана төрөт боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

- эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

- парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, кат жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик салтанаттарга жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;

- тийиштүү документтер менен ырасталган транспорттук тоскоолдуктар.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203217/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
