# КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4258/edition/347331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (15.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203215

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-октябры № 273 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203215/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 14-статьяда:

1-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда жарнакты таратуу" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-пунктта:

- биринчи абзацтагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда сырткы жарнакты таратууга" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "таратууга" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын;

3 жана 4-пункттардагы "таратууга" деген сөз "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 24-статья "аймактык органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203215/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
