# КР Шайлоо жана референдуи өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 37 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдуи өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 37 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1332/edition/487628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдуи өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 37 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому (12.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20321

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-марты № 37 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 токтому менен дайындалган Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 28-январында өткөрүлдү. Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 28-январында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

2. Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилсин.

3. Талапкер Койчуев Мамбет Дуйшалиевич Кара-Көл шаарынын шайланган мэри деп эсептелсин.

Шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Абдраимов
