# КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265 ""Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265 ""Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4251/edition/344758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265 ""Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (12.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203208

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 265 "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203208/st-1)

"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик реестр", "юридикалык жактардын мамлекеттик реестри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 4-статьянын 13-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.

3. 9-статьяда:

8-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9. Каттоочу орган тиешелүү буйрук кабыл алган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми чарбалык шериктештик же коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".

4. 42-статьяда "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органдардагы" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203208/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
