# КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө толуктоолор киргизүү тууралу"

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө толуктоолор киргизүү тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4249/edition/344762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө толуктоолор киргизүү тууралу" (12.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203206

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 263 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203206/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.

2. 85-берененин 3-пунктундагы "кооперативдер" деген сөздөн кийин "саясий партиялар дагы башка" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203206/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
