# КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4248/edition/344026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (12.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 262 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203205/st-1)

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 15-статьянын 3-бөлүгү "иммигрант статусу берилген" деген сөздөрдөн кийин "жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 32-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203205/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
