# КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 261 ""Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 261 ""Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4247/edition/479699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 261 ""Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (12.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203204

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 261

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203204/st-1)

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чегарага танапташ эмгек-мигранттарынын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынат. Чегарага танапташ эмгек-мигранттарын Кыргыз Республикасынын аймагына тартуунун тартиби жана санынын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203204/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
