# 1-берене

- Документ: ["Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203201)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 ""Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4244/edition/469763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203201/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-1

---

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-пунктундагы "предпринимательской" деген сөз алынып салынсын.

2. 9-берененин 1-бөлүгүндө:

расмий тилдеги тексттин биринчи абзацындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын; 1, 17, 19, 27, 28 жана 34-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү"; 5-пункттагы "парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертификацияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары") деген сөздөр алынып салынсын: 9-пункттагы "иштердин" деген сөз "атайын жумуштардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пункттагы "ломбард иши" деген сөздөр алып салынсын; 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;"; 35-пункттагы "бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.

3. Расмий тилдеги тексттин 17-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-2)
