# КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 ""Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 ""Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4244/edition/469763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 ""Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203201

---

КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 31-июлу № 258

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-1)

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-пунктундагы "предпринимательской" деген сөз алынып салынсын.

2. 9-берененин 1-бөлүгүндө:

расмий тилдеги тексттин биринчи абзацындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын; 1, 17, 19, 27, 28 жана 34-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү"; 5-пункттагы "парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертификацияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары") деген сөздөр алынып салынсын: 9-пункттагы "иштердин" деген сөз "атайын жумуштардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пункттагы "ломбард иши" деген сөздөр алып салынсын; 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;"; 35-пункттагы "бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.

3. Расмий тилдеги тексттин 17-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-2)

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып милдеттүү лицензиялоого тийиш болгон ишкердиктин тизмегинен ушул Мыйзам менен алып салынган ишкердиктин түрлөрүнө берилген лицензиялар юридикалык күчүн жоготот, ал эми ишкердиктин ушул түрлөрү боюнча лицензия берүү үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарып берилүүгө тийиш деп белгиленсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203201/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясын ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
