# 6-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978841..978842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 6-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-6

---

Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ болот: Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, анын ичинде:

- банктык эмес финансылык рынокто, аудитордук ишмердикте кесипкөй ишмердикти жүзөгө ашырууга шарттарды белгилөөчү;

- ачык компаниялардын жана лицензияланган кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды белгилөөчү;

- кесипкөй катышуучулардын өз алдынча жөнгө салуучу уюмдарынын инвесторлорун коргоо фондун түзүү жана иштөөсү боюнча талаптарды белгилөөчү;

- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишмердигинин алкагында маалыматты ачып берүү боюнча талаптарды белгилөөчү;

- банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттерине карата тобокелчиликтерди башкаруу боюнча талаптарды белгилөөчү;

ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишмердикти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда көрсөтүлгөн лицензиялардын колдонулушун токтото туруу, кайрадан жаңыртуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, жөнгө салынуучу субъекттерден алардын финансылык-экономикалык ишмердүүлүгү жөнүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген отчеттуулукту, маалымкаттарды жана башка маалыматты талап кылуу жана алуу, ошондой эле тийиштүү маалыматты алуу үчүн башка мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга кайрылуу; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан сакталынышы боюнча мониторингди жүзөгө ашыруу; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын жоболорунун сакталынышы алкагында жөнгө салынуучу субъекттерди Кыргыз Республикасынын текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык текшерүүнү жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурларда жөнгө салынуучу субъекттерге буйруккаттарды жана эскертүүлөрдү жиберүү; жөнгө салынуучу субъекттер Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаган жана/же бузган учурларда жөнгө салынуучу субъекттерден андай эреже бузууларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жоюуну талап кылуу; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жана аудитордук ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнгө салынуучу субъекттердин сакталышын жана укук бузууларды четтетүүсүн камсыздоо максатында сот органдарына кайрылуу; ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу башка мыйзамдарын жана/же баалуу кагаздарды сатууда уюштуруучунун, клирингдик уюмдун жана/же депозитарийдин эрежелерди бузуу менен жасалган баалуу кагаздар операцияларын токтото туруу; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгынын фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттин активдерин тескөөсүн чектөө талабы менен сот органдарына кайрылуу. Активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө ушундай эле талап жөнгө салынуучу субъекттин активдерин башкаруучу болуп эсептелген, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүрүп жаткан башка адамга карата да сот органдарына берилиши мүмкүн; сот тарабынан банктык эмес финансылык рынок жана аудитордук ишмердик алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жөнгө салынуучу субъекттен анын кирешелерин мамлекеттик бюджетке алып коюу жана ушул жак тарабынан банктык эмес финансылык рынок жана аудитордук ишмердик алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын кесепетинен жабыркаган юридикалык жана жеке жактардын зыяндарынын ордун толтуруу талабы менен сот органдарына кайрылуу; укук бузуунун куралы же түздөн-түз объекти болгон предметти конфискациялоо талабы менен сот органдарына кайрылуу; жөнгө салынуучу субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык жазаларды салуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте комиссиялык жана башка жыйымдарды жөнгө салынуучу субъекттерден алуу; бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык рыноктогу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө эл аралык форумдарга катышуу жана андай форумдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарынын билдирүү; биргелешкен кызматташтык алкагында, анын ичинде ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын жөнгө салынуучу субъекттердин аткаруусу жаатында аларды текшерүү, коомдук жана купуя маалыматты алмашуу максатында, банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча чет өлкөлүк органдар менен кызматташуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан маалыматтарды (анын ичинде купуя маалыматтарды), ыйгарым укуктуу органга тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл көмөк көрсөтүүнү суроо; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалыматтарды берүү жана көмөк көрсөтүү; Ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдарын түзүү жана жоюу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүү, ошондой эле алардын иштөө тартиптерин жүзөгө ашырууну аныктоо; курамында ишмердиги финансылык рынокту жөнгө салууга байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана көз каранды эмес эксперттер кирген консультациялык-кеңеш берүүчү органды - Эксперттик кеңешти түзүү; жумушчу топторду түзүү жана (анын ичинде акы төлөнүүчү негизде) банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды, усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттеринин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин тартуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын алдында окутуу борборун жана илимий-изилдөө институтун түзүү. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-7)
