# 5-берене. Ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228); 20.02.2013 [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 24 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978841..978842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 5-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-5

---

Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: банктык эмес финансылык рыногун, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулук, аудит жаатында тобокелчиликтерди тескөө боюнча саясатты аныктоону кошуп алганда, банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат; ушул Мыйзамда аныкталган финансылык рынок субъектилери үчүн бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту алып барууга карата талаптарды иштеп чыгат; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишмердигинин чөйрөсүнүн алкагында маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт; банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, аудит боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонууга карата усулдук сунуштамаларды кабыл алат; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жарыя кылынган сунушту жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишмердикти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензияларды күчүн токтото турат, жаңыртат; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар катары иштөөгө уруксат берет; ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жекече аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзөт; жөнгө салынуучу субъекттерге карата келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт; материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо арыздар менен кайрылат; чет өлкөлөрдүн финансылык рыногун көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү жана жөнгө салуу алкагында эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат; жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натыйжалуу жана ачык-айкын финансылык рынок принцибин киргизет; өз иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында, жөнгө салынуучу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат; банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып барат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу органдын ишмердик процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды көрөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын муктаждыктары үчүн товарларды алып келүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүгө карата заказдарды жайгаштыруу үчүн конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эмес финансылык рыногунун катышуучуларын окутууну жана сертификациялоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону жүргүзөт; Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат. (КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 24, 2014-жылдын 11-январындагы № 8, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-6)
