# 4-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укуктук жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978840..978841>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 4-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-4

---

1. Ыйгарым укуктуу орган - банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.

2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Казыналык тутумунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда ачылуучу эсептери болот.

3. Ыйгарым укуктуу орган өз ыйгарым укуктарын жана иш-милдеттерин ишке ашыруу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болгондо өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.

Ушул Мыйзам менен ыйгарым укуктуу органдын карамагына киргизилген маселелерди чечүүгө мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-5)
