4-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укуктук жобосу
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2014 года № 8
1. Ыйгарым укуктуу орган - банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Казыналык тутумунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда ачылуучу эсептери болот.
3. Ыйгарым укуктуу орган өз ыйгарым укуктарын жана иш-милдеттерин ишке ашыруу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болгондо өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
Ушул Мыйзам менен ыйгарым укуктуу органдын карамагына киргизилген маселелерди чечүүгө мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.10.2012 · № 673 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>