# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2017 [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978842..978843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 3-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-3

---

Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер (атоолор) жана аныктамалар: Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы - Аткаруучу кеңештин мүчөсү кабыл алуучу чечимге тике жана (же) кыйыр, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчү менен таасир эте алуучу бардык жеке же юридикалык жак. Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы деп анын жакын туугандары, ошондой эле ал же анын жакын туугандары, же ал өзүнүн жакын туугандары менен биргелешип жүгүртүүдөгү акциялардын бир же андан ашык пайызына (үлүшүнө), облигацияларга ээлик кылган юридикалык жактар милдеттүү түрдө эсептелинет; башка компаниянын же компаниялар тобунун аффилирленген компаниясы - башка компания (компаниялар тобу) кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кыйыр аныктоого жана (же) кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичинде келишимдин жана (же) андай компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 5 пайызынан ашыгына ээлик кылуунун күчү менен укуктуу компания. Аффилирленген компания деп ошондой эле башка компаниялар (компаниялар тобу) ошол аффилирленген компания кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кыйыр аныктоого жана (же) кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичинде келишимдин же аффилирленген компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 5 пайызынан ашыгына ээлик кылуунун күчү менен таасир этүүгө укуктуу компания да эсептелет; компаниялар тобу - кесипкөй катышуучудан жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларынан жана/же холдинг компаниядан жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларынан турган компаниялар тобу; комиссиялык жыйымдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте ыйгарым укуктуу органга жөнгө салынчу субъекттер тарабынан төлөнүп берилүүчү жыйымдар; банктык эмес финансылык сектор - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунун бөлүгү, ал өзүндө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу ишмердигин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкаруучу компаниялардын ишмердигин, ошондой эле ушул Мыйзамга жана банктык эмес финансылык рыноктогу аталган ишмердикти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык лотереялык ишмердикти камтыйт; Аткаруучу кеңештин аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес мүчөсү - ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы же кызматкери болуп эсептелбеген, ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарганы үчүн сый акы албаган адам, ал Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жогорку натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат; кесипкөй катышуучу - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен банктык эмес финансылык рыногун, аудитордук ишмердикти жана лицензиялоону жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган берүүчү же башка уруксат документи бар, аудитордук ишмердикти жана банктык эмес финансылык рыногунда ишмердикти жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак; пруденциялык талаптар - кесипкөй катышуучунун төлөөгө жарамдуулугун жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында анын финансылык абалына карата коюлуучу талаптар; ачык компания - анын баалуу кагаздарына 50 жана андан көп адам ээ болгон эмитент, жана/же баалуу кагаздарды жарыя кылынган сунушту жүзөгө ашырган же жүзөгө ашыруучу эмитент. Ачык акционердик коомдор ачык компаниялар деп эсептелинет; жөнгө салынуучу субъект - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу ишмердикти жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак. Жөнгө салынуучу субъектиге кесипкөй катышуучу кирет; өзүн өзү жөнгө салуучу уюм - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары түзүлгөн кесипкөй катышуучулардын бирикмеси; башкаруучу жак - директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөсү, эмитенттин аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактардын ишмердигин жөнгө салуучу кызмат адамы деп таанылуучу адам; кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын инвесторлорун коргоо фонду - инвесторлорго кесипкөй катышуучулардын карасанатай аракеттеринен улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыздоо максатында кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдары тарабынан түзүлүүчү фонд; холдинг компания - уюштуруу-укуктук формасына карабастан активдеринин курамына башка уюмдардын акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) контролдук пакеттери кирген уюм. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-4)
