# 29-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароого жөнгө салынуучу субъекттин арызы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 29-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-29

---

1. Жөнгө салынуучу субъект ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арызды Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссияга анын регламентинде белгиленген тартипте, жөнгө салынуучу субъектиге карата ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен берет.

2. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия жөнгө салынуучу субъектте белгиленген мөөнөттө чечимди кайра кароо жөнүндө арыз берүүгө мүмкүн эместиктин жүйөлүү себептери болгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн жак далилдерин берген учурда ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн отуз календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу. ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеги аталган комиссиянын регламентинде белгиленет.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-30)
