29-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароого жөнгө салынуучу субъекттин арызы
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Жөнгө салынуучу субъект ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арызды Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссияга анын регламентинде белгиленген тартипте, жөнгө салынуучу субъектиге карата ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен берет.
2. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия жөнгө салынуучу субъектте белгиленген мөөнөттө чечимди кайра кароо жөнүндө арыз берүүгө мүмкүн эместиктин жүйөлүү себептери болгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн жак далилдерин берген учурда ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн отуз календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу. ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеги аталган комиссиянын регламентинде белгиленет.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>