# 28-берене. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978841..978842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 28-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-28

---

1. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия ыйгарым укуктуу органдын төмөнкүлөр боюнча чечимдерин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттердин арыздарын кайра кароо жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээлик кылат:

Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыногундагы ишти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашырууга кесипкөй катышуучуга лицензия же башка уруксат документтерин берүүдөн баш тартуу; (3-абзац КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык ишмердиктин же кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдар катары ишмердиктин чектеринде шарттарды жана/же талаптарды сактоону камсыздоого жөнгө салынуучу субъектиге буйруккат берүү; ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктук ишти жана аудитордук ишмердикти жүзөгө ашырууга лицензияны же өз алдынча жөнгө салуучу уюмдун ишмердигине уруксатты токтото туруу; жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактын жетекчисинин өз ыйгарым укуктарын аткаруусун убактылуу токтото туруу же аны кызматынан четтетүү; ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруу.

2. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия чечим кабыл алганга чейин ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринин аткарылышын токтото турууга; жөнгө салынуучу субъектинин каралуучу арызына жана ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимге тиешеси бар документтерди жана материалдарды кароого; документтерди жана материалдарды алууга, кароого, кызыкдар тараптардын өтүнүчтөрүн жана арыздарын угууга; Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын жыйналышына Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын кароосу жана кабыл алуусу үчүн мааниси бар маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон адамдарды ушул комиссиянын регламентинде белгиленген тартипте чакырууга.

3. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия жөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө, кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз ээси өтүнүч кылбаган учурларды кошпогондо, арыз келип түшкөндөн отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.

4. Ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттин арызы каралгандан кийин Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

Ыйгарым укуктуу органдын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кандайдыр бир аракет көрүүсүнүн зарылдыгына алып келүүчү чечим кабыл алууга; Ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттин арызын канааттандыруудан баш тартууга.

5. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия өз ишмердигин ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңеши бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамы менен 22-берененин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-29)
