27-берене. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын курамы
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия анын төрагасын кошуп алганда беш мүчөдөн турат, аларды ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын төрагасы дайындайт. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын үч мүчөсү ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын калган мүчөлөрү экономикалык, финансылык маселелер жана/же финансылык рынокту мамлекеттик жөнгө салуу, укук, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелери боюнча жана/же финансылык рыногунда, укуктук, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудитти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө кесипкөйлүк тажрыйбасы бар адамдар болууга тийиш. Мында алар талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын мүчөсү болуп дайындалган учурда жана анын иш-милдеттерин жүзөгө аткаруу мезгилинде ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин кызматтарында болбоосу керек, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактардын кызмат адамдары, алардын бир пайыз жана андан ашык акцияларынын (үлүштөрүнүн) ээлик кылуучусу болууга тийиш эмес.
2. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү бир жылга дайындалат жана кайра дайындалышы мүмкүн, бирок үч жолудан ашык эмес.
3. Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү ыйгарым укуктуу органдын төрагасы тарабынан төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан бошотулат:
ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө; өз ыктыяры менен; милдеттерин аткарууга мүмкүн эместик мамлекеттик медициналык комиссиянын чечиминин негизинде тастыкталганда; өзүнүн милдеттерин аткарбаганда, анын ичинде Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын жыйналышында жүйөлүү себептерсиз үч айдын ичинде бир нече жолу катышпаганда; соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыш-жаза жактан жазалануучу аракеттерди жасаганда; өз милдеттерин калыс аткарууга жарамдуулуугуна шек келтиргендей түрдө кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>