# 22-берене. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан купуялыкты сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978840..978841>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 22-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-22

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө жеткиликтүүлүккө ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга чыгарууга болбой турган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү. ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын аткаруу максатында көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте өзүнүн чечими менен купуя маалыматтарды төмөнкүлөргө ачып берүүгө укуктуу:

мамлекеттик органдарга; ыйгарым укуктуу орган менен купуя маалыматтарды берүү жөнүндө тийиштүү макулдашуу түзгөн, финансылык рынокту жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк мамлекеттик органга; алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча сот органдарына, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына. КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамы менен 22-берененин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-23)
