22-берене. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан купуялыкты сактоо
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2014 года № 8
1. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө жеткиликтүүлүккө ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга чыгарууга болбой турган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү. ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын аткаруу максатында көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте өзүнүн чечими менен купуя маалыматтарды төмөнкүлөргө ачып берүүгө укуктуу:
мамлекеттик органдарга; ыйгарым укуктуу орган менен купуя маалыматтарды берүү жөнүндө тийиштүү макулдашуу түзгөн, финансылык рынокту жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк мамлекеттик органга; алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча сот органдарына, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына. КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамы менен 22-берененин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>