# 18-берене. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ачыкка чыгаруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 18-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-18

---

1. Кызматка дайындалган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасында же анын чегинен сырткары ишкердик ишмердикте, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары чыгарылган баалуу кагаздарда камтылган, кызматтык милдеттеринин жана жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктары тууралу Аткаруучу кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

2. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктарынын пайда болушуна же токтотулушуна жараша бул тууралу Аткаруучу кеңешке дароо маалымат берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде Аткаруучу кеңештин жыйналышына катышкан Аткаруучу кеңештин мүчөсү Аткаруучу кеңеш караган маселелерге тикелей же кыйыр түрдө жеке кызыкчылыгы бар болсо, ал бул тууралу Аткаруучу кеңешке токтоосуз маалымат берүүгө милдеттүү жана мындай маселелер боюнча чечимдерди кароого жана/же кабыл алууга катышпоого тийиш.

4. Эгерде каралуучу маселенин предмети ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын, Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн жакын тууганы же аффилирленген адам, ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөсү же алардын жакын туугандары акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакетинин ээси болуп саналган юридикалык жак болуп саналса, ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыгы бар деп табылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-19)
