# 14-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978840..978841>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 14-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-14

---

1. Ыйгарым укуктуу органды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.

2. Ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

3. Төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

4. Экономикалык, финансылык маселелер боюнча жана/же мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана укук жаатында кесиптик тажрыйбага ээ адамдар төрага, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү боло алышат.

5. Төрага, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде аткаруу ыйгарым укуктарына ээ эмес мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкүдөй учурларда кызмат ордунан бошотулат:

ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды талапка ылайык аткарбаганда; соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыш-жаза жосундарды жасаганда; мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталган кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо; Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо жана/же чет мамлекеттин жарандыгын алганда; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-15)
