# 13-берене. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 13-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-13

---

1. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында, зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Аткаруучу кеңештин жыйналышын Аткаруучу кеңештин төрагасы алып барат, ал жок учурда бул иш-милдеттерди анын орун басары аткарат.

2. Аткаруучу кеңештин төрагасы ар кандай мезгилде өзүнүн демилгеси боюнча Аткаруучу кеңештин кезексиз жыйналышын чакыра алат жана Аткаруучу кеңештин башка үч мүчөсү кол койгон жазуу жүзүндөгү суроо-талапты алганда, кезексиз жыйналышты чакырууга милдеттүү.

3. Аткаруучу кеңеш кворум болсо чечим кабыл алууга укуктуу. Аткаруучу кеңештин жыйналышынын кворуму анын беш мүчөсүнөн турат, алардын бири Аткаруучу кеңештин төрагасы же анын орун басары болууга тийиш.

4. Аткаруучу кеңеш тигил же бул маселелерди талкуулоодо өзүнүн жыйналышында ар кандай башка адамдарды чакырууга укуктуу. Бул учурда мындай адамдар Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуш берүү укугуна ээ болбойт.

5. Аткаруучу кеңеш жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

6. Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуштар тең болуп калган учурда Аткаруучу кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-14)
