# 12-берене. Аткаруучу кеңештин статусу жана ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978840..978841>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 12-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-12

---

1. Аткаруучу кеңеш коллегиялык орган болуп саналат, ал ыйгарым укуктуу органдын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы стратегиясын жана саясатын аныктайт жана ыйгарым укуктуу органдын ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ишке ашырышын контролдойт.

2. Аткаруучу кеңештин компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүү кирет:

Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатында ыйгарым укуктуу органдын стратегиясын жана саясатын бекитүү; Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана аудитордук ишмердик жаатында ыйгарым укуктуу органдын ишмердигин координациялоо; Ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Эксперттик кеңешти түзүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу, ошондой эле Эксперттик кеңештин ишин жөнгө салуучу жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү; өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигине уруксат берүү, аны токтото туруу же кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу; (алтынчы абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (жетинчи абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуучу айрым иш-милдеттерин анын аймактык бөлүмчөлөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; баалуу кагаздарды жарыя кылынган сунуштардын шарттарын жана проспектти каттоо жөнүндө жана ыйгарым укуктуу органдын баалуу кагаздарды жарыя кылынган сунуштарды жүзөгө ашырууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды ишке ашырууну камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарын колдонуу тууралу чечим кабыл алуу; эгерде жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан укук бузуулар аныкталса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай жактарга карата таасир кылуу чараларын көрүү жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыктарын укук коргоо органдарына жиберүү талап кылынса, жөнгө салынуучу субъекттердин иш-аракетин текшерүүнүн жыйынтыктарын кароо же болбосо аталган жактарга карата тийиштүү таасир кылуу чараларын көрүү максатында сот органдарына доо менен кайрылуу. (он биринчи абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кызмат адамы, кызматкер, аффилирленген жак, ушу Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактын бир же андан ашык акцияларынын (үлүштөрүнүн) пайыздарынын ээси болуп саналган жак аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес Аткаруучу кеңештин мүчөсү боло албайт.

(КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-13)
