11-берене. Ыйгарым укуктуу органдын уюмдашуу түзүмү
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Ыйгарым укуктуу органдын уюмдашуу түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:
Аткаруучу кеңештен; Ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынан; Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөлөрүнөн. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу органдын алдында Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия аракеттенет.
2. Ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңеши төмөнкүлөрдү кошо алынганда жети мүчөдөн турат:
Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы - Аткаруучу кеңештин төрагасы; Ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын орун басары - Аткаруучу кеңештин төрагасынын орун басары; Аткаруучу кеңештин аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон эки мүчөсүн кошо алганда Аткаруучу кеңештин беш мүчөсү.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>