# 10-берене. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203198)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111970)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198#diff=978841..978842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4241/edition/978839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203198/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө, 10-берене (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-10

---

1. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда контролдоо жана көзөмөлдөө иш-милдеттерин ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) лицензиясы токтото турулган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:

лицензиялары токтото турулганы, жокко чыгарылганы жөнүндө кардарларга билдирүүгө; кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаны жана/же башка мүлктү кардарларга кайтарып берүүгө; кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жоюуга же кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же кардар менен болгон макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте башка кесипкөй катышуучунун аткаруусуна өткөрүп берүүгө;

2) коомдук кызыкчылыктарды камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамдарына ылайык кесипкөй катышуучуну банкрот деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга.

2. Ыйгарым укуктуу орган баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча өз иш-милдеттерин ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эмитент тарабынан же баалуу кагаздарды жарыя кылып сунуштаган жак же көрсөтүлгөн жактардын башкаруучу адамдары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын жоболорун бузган учурда баалуу кагаздарды жарыя кылынган сунуштарды каттоого алууну жарыя кылынган сунуштардын жыйынтыгын табууга чейин жокко чыгарууга;

2) баалуу кагаздарды жарыя кылып сунушталган эмитенттен проспектке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү же аны каттоо үчүн кеңири жаңы маалыматтарды алмаштырган проспектини берүү талап кылынат, эгерде:

проспектте ачылып көрсөтүлүүгө тийиш болгон жаңы олуттуу маалыматтар пайда болгондо; проспектте жалган же адаштырууга алып келүүчү маалыматтар айкындалганда же эгерде проспектте маалыматты ачып берүү үчүн олуттуу өксүктөр болсо;

3) баалуу кагаздарды жарыя кылган сунуштар жокко чыгарылса же эмитент же баалуу кагаздарды жарыя кылып сунуштаган адам ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же аны каттоо үчүн кеңири жаңы маалыматтарды камтыган алмаштырган проспектисин бербесе, баалуу кагаздарды жарыя кылып сунуштаган эмитенттен инвесторго каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга;

4) баалуу кагаздардын эмитенти жоюлгандыгынын натыйжасында мындай баалуу кагаздарды чыгарууну жана/же жарыя кылынган сунушту жокко чыгарууга;

5) баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жасалганда аларды жараксыз деп табуу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203198/st-11)
