# 1-берене

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/203194)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 237 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203194/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4237/edition/387693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203194/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын, 1-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203194/st-1

---

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасындагы:

мамлекеттик тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "ченемдик жана укуктук актыларга" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөзгө алмаштырылсын; расмий тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "же келишим менен" деген сөздөр алынып салынсын;

2. 15-берененин 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын" деген сөздөр "поселкалык кеңештер, шаардык кеңештер, айылдык округдардын кеңештери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 20-беренеде:

2-бөлүгүндөгү "же мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы келишимдин" деген сөздөр алып салынсын;

5-бөлүктүн биринчи абзацындагы "же келишим" деген сөздөр алып салынсын;

4. 22-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Поселкалык, шаардык кеңештин жана айылдык округдун кеңешинин сандык курамы жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, ал эми райондук кеңештин сандык курамы тийиштүү райондук кеңештин чечими менен белгиленет. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы ушул берененин биринчи бөлүгүнө ылайык белгиленет."

5. 27-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен" деген сөздөр "депутаттар тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203194/st-2)
