1-берене
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасындагы:
мамлекеттик тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "ченемдик жана укуктук актыларга" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөзгө алмаштырылсын; расмий тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "же келишим менен" деген сөздөр алынып салынсын;
2. 15-берененин 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын" деген сөздөр "поселкалык кеңештер, шаардык кеңештер, айылдык округдардын кеңештери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 20-беренеде:
2-бөлүгүндөгү "же мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы келишимдин" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүктүн биринчи абзацындагы "же келишим" деген сөздөр алып салынсын;
4. 22-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Поселкалык, шаардык кеңештин жана айылдык округдун кеңешинин сандык курамы жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, ал эми райондук кеңештин сандык курамы тийиштүү райондук кеңештин чечими менен белгиленет. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы ушул берененин биринчи бөлүгүнө ылайык белгиленет."
5. 27-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен" деген сөздөр "депутаттар тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203194/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>