# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4235/edition/1232149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203192/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, 4-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 30-главада

глава төмөнкүдөй мазмундагы 422-1, - 422-4-статьялар менен толукталсын: "422-1-статья. Сот арачылыкка талапкерлердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы Сот арачысынын милдеттерин аткаруу үчүн сотко чакыруу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей коюшу аркылуу сот арачылыкка талапкердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы, сот арачысынын милдеттерин аткаруудан негизсиз баш тартышы - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-3)  
Кийинки берене: [422-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-422-2)
