# КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4235/edition/1232149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203192

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-июлу № 234 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6, 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-1)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-2)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-3)

(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-4)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 30-главада

глава төмөнкүдөй мазмундагы 422-1, - 422-4-статьялар менен толукталсын: "422-1-статья. Сот арачылыкка талапкерлердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы Сот арачысынын милдеттерин аткаруу үчүн сотко чакыруу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей коюшу аркылуу сот арачылыкка талапкердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы, сот арачысынын милдеттерин аткаруудан негизсиз баш тартышы - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

### [422-2-статья. Сот арачыларынын тизмесин түзүү үчүн кызмат адамдары же уюмдардын жетекчилери тарабынан маалыматтардын берилбегендиги](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-422-2)

Сот арачыларынын тизмесин түзүү үчүн сот администраторуна зарыл болгон маалыматтарды кызмат адамдары же уюмдардын жетекчилери тарабынан берилбеши, ошого тете эле так эмес маалымат берүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жетимиш өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

### [422-3-статья. Сот арачысынын сотто ишти кароо менен байланышкан милдеттерин сактабагандыгы](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-422-3)

Сот арачысынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген сотто ишти кароо менен байланышкан милдеттерин сактабагандыгы, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

### [422-4-статья. Кызмат адамдарынын жана иш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын сот арачылары жөнүндө мыйзамдарын бузушу](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-422-4)

Кызмат адамдарынын жана иш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын сот арачылары жөнүндө мыйзамдарды бузушу - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгүндөгү "420-422" деген цифралар ", 420, 422, 422-1 - 422-4" деген цифралар менен алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203192/st-5)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана анын жоболорун тийиштүү бөлүгүндө ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
