# КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4234/edition/769183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-июлу № 233 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын редакцясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 65-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 68-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 192-статьянын 1-пунктунда "баңгилик заттарды пайдалануунун кесепеттеринин" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-2)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

### [1005-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-1005)

"баңги заттарды пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-3)

(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-4)

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 153-статьясынын 3-пунктунда "баңгиликке берилген адамдар," деген сөздөрдөн кийин "кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылган," деген сөздөр менен толукталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203191/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
