# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 35 "Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жокко чыгаруу тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 35 "Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жокко чыгаруу тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1330/edition/488455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 12-мартындагы № 35 "Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жокко чыгаруу тууралу" токтому (12.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20319

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-марты № 35 Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жокко чыгаруу тууралу "Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 26-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 29-январындагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
