# 9-берене. Алуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 9-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-9

---

1. Алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз учурунда квалификациялуу юридикалык жардамды алууга;

2) ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү үчүн жооптуу адамдардын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга.

2. Материалдык жана социалдык абалы жөнүндө берген маалыматтарынын анык эместиги аныкталган учурда алуучу ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-10)
