# 8-берене. Арыз берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 8-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-8

---

1. Арыз берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу үчүн ушул Мыйзамда каралган тартипте координаторго, тергөөчүгө, адвокатка кайрылууга;

2) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө толук маалымат алууга;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жөнүндө арызын канааттандыруу же андан баш тартуу тууралу жазуу жүзүндөгү чечимди алууга;

4) арызды кабыл алуудан жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүдөн баш тартууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга.

2. Арыз берүүчү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуунун ушул Мыйзамда белгиленген тартибин сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-9)
