# 5-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын түрлөрү жана

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 5-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-5

---

көлөмү

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык иштер боюнча кармалгандарга, шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, акталгандарга жана соттолгондорго тергөө жүргүзүү стадиясында, биринчи инстанциядагы сотто, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттордо көрсөтүлөт.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык жоопкерчилик курагына жете элек жашы жетпегендерге алар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомдук коркунучтуу жосунду жасаган учурда көрсөтүлөт.

3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык-процесстик мыйзамдарга ылайык тергөөдө жана сотто консультация, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүү жана берүү, жарандардын укуктарын коргоо жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүү түрүндө көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-6)
