32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мында бул Мыйзамдын жоболору 2010-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган пилоттук долбоордун аймагында, ал эми 2011-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардамды берүүнүн ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин колдонулган тартиби пилоттук долбоорго кирбеген аймактарга карата 2011-жылдын 1-январына чейин сактала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу аймагын, механизмин жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө:
колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү караган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды кабыл алсын, ошондой эле өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- республикалык бюджетти иштеп чыгуу учурунда мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын финансылоо үчүн жетиштүү каражаттарды ар жыл сайын карасын;
- 2011-жылга чейин жарандардын айрым категорияларына жарандык жана администрациялык иштер боюнча мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамды берүүгө багытталган чараларды көрсүн жана сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203186/st-32" title="32-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>