# 31-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө байланышкан чыгымдарды кайра кайтаруунун жана ордун толтуруунун тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 31-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-31

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам Ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктта көрсөтүлгөн негиздер боюнча токтотулган учурда юридикалык жардамды көрсөтүүгө кеткен чыгымдар алуучудан өндүрүлөт.

2. Алуучу чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан учурда координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен байланышкан мамлекеттик чыгымдарды сот тартибинде өндүрүп алуу үчүн прокурорго жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-32)
