# 28-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды токтотуу

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 28-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-28

---

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам төмөнкү учурларда токтотулат:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу үчүн алуучу өз кирешесинин деңгээли жана социалдык абалы жөнүндө туура эмес же толук эмес маалыматтарды, документтерди бергенде;

2) юридикалык жардам көрсөтүүдө жардам алуучунун мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укугун жокко чыгарган финансылык абалынын өзгөргөндүгүн тастыктаган жагдайлар аныкталганда;

3) Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамында каралган учурларда юридикалык жардам алуудан алуучу жазуу жүзүндө баш тартканда.

2. Координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнү токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-29)
