# 25-берене. Адамдын юридикалык жардам алууга укугун ырастоонун тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 25-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-25

---

1. Адамдын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укугун ырастаган документтердин тизмеси Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата координатор адвокат дайындалган учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен арыз берүүчүнүн кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн социалдык фонд, салык инспекция органдарына, башка уюмдарга жана мекемелерге суроо-талап жөнөтөт.

Маалымат координаторго 10 жумушчу күндүн ичинде акысыз негизде берилет. Маалымат берилбеген жана/же убагынан кеч берилген учурда кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата юридикалык жардамга болгон укук тийиштүү документтердин болушу менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-26)
